2022-03-29

ОРУС ЭЛИНИН САЛТТУУ«МАСЛЕНИЦА» МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ.


Орус калкынын салттуу түрдө жыл сайын жазында белгилену турчу "куймак фестивалы" деп да аталган «Масленица» майрамы 2022-жылдын 25-мартында университетибиздин башкы имаратынын жыйындар залында жогорку мектебибиздин Тил үйрөтүү бөлүмүнүн Орус тили координаторлугунун окутуучулары жана орус тилин үйрөнүп жаткан студенттери тарабынан даярдалган иш-чарада белгиленди. Аталган иш-чарада «Масленица» майрамынын тарыхы, майрам жумалыгында күндөрдүн кандай белгиленгендиги көрүүчүлөргө түрдүү оюндар, таймаш, ырлар аркылуу көрсөтүлдү. Кыш менен коштошууну билдирген «Масленица» майрамына карата уюштурулган иш-чара күндүн маанисине жараша даярдалган куймак жана таттуулардын татымы менен аяктады.